Орусияда мигранттар үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Улуттар боюнча федералдык агенттиги мигранттар үчүн иштеп чыккан жаңы адаптациялык курс 70 мүнөттүк сабактардан турат. Анда чет өлкөлүктөргө Орусиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдары жөнүндө маалыматтар берилет.

Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, курс төрт бөлүккө бөлүнгөн. Биринчисинде мигранттарга Орусияда жүрүү эрежелери, патент алуу жана эмгек келишимин түзүү тартиби жөнүндө айтылат. Мындан тышкары «куралдуу күчтөрдө келишим менен кызмат өтөп, Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген тартипте алуу мүмкүндүгү» жөнүндө маалымат берилет.

Экинчи бөлүгүндө мигранттар орус тилин билиши керектиги жана бейтааныштарга «брат» же «сестра» деп кайрылуу туура эмес экени түшүндүрүлөт. Мындан тышкары мигранттарга башка адамдарды өзүнүн эне тилинде талкуулап, алардын көзүнчө өз тилинде сүйлөшүү жана шыбырашуу сунушталбай турганы, динге болгон мамилесин ачык көрсөтүү жана диний ырым-жырымдарды көчөдө жасоого болбой турганы жөнүндө айтылат.

«Аялдар менен эркектердин укуктары бирдей, бейтааныш адамдарга тийүүгө, өзүнө көңүл бурдуруу үчүн түрдүү үндөрдү чыгарууга жана ышкырууга болбойт» деп жазылган анда.

Курстун үчүнчү бөлүгү Орусиянын мыйзамдарын, анын ичинде миграциялык мыйзамдарды бузуу үчүн каралган жаза чараларына арналган. Анда миграрттарга экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк менен алектенбөө, ошондой эле митингдер менен нааразылык акцияларга катышпоо жөнүндө айтылат.

Курстун төртүнчү бөлүгү Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин тарыхына арналган.

Орусияда мигранттар үчүн адаптациялык курстар 2023-жылы сентябрда даярдалып бүткөн. Анда аны Калининград, Москва облустарында, Пермь, Краснодар крайларында жана Сахада (Якутия) сыноо чечими кабыл алынган.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты