Орусияда Мамдуманын депутаты менен мушташкан мигранттар камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Самара соту Мамлекеттик Думанын депутатын жана анын айдоочусун өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен тажик тектүү эки тургунду жана Өзбекстандын жаранын камакка алды.

Бул тууралуу «Свобода» радиосу кабарлады.

Кылмыш ишин козгоого көчөдөгү мушташ себеп болгон. Анда шектүүлөр депутаттын башына уруп, айдоочусунун колу сынган.

Алгач кылмыш иши бейбаштык беренеси менен козголуп, кийин буга чейин мигранттарга каршы пикирин билдирип келген Орусиянын nергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин талабы менен «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине өзгөртүлгөн.

Окуя 18-июлда болгон. Депутат Михаил Матвеевдин айтымында, алар көчөдө адамдардын тобуна тийишип жаткан экинчи топту токтотууга аракет кылышкан. Бирок топтошкон адамдар депутаттын айдоочусун таяк менен далысына, депутатты бөтөлкө менен башка чабышкан.

Жактоочулары айыпталуучуларды үй камагына чыгарууну, алардын бири Орусиядагы бир топ сынактарга, аскердик параддарга катышып жүргөнүн эске алуусун өтүнгөн.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары Өзбекстандын 19 жаштагы жараны Мурод Мусуров жана Орусиянын 16 жана 19 жаштагы тажик тектүү эки жараны өтүүдө. Матвеевди башына Мусуров чапканы айтылууда. Бирок ал айыптоону четке кагып, согушуп жаткандарды бөлүштүрүүгө аракет кылганын билдирүүдө.

Айыпталуучулар бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 15 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты