Орусияда кыздарга эскертүү берип, коркуткандар аныкталды

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү анда иштеп жүргөн кыргыз кыздардын жүрүш-турушуна эскертүү берип, коркутуп видеокайрылуу жасаган жарандардын тек-жайын аныктады. Алар Москвада  экендиги аныкталып, өкүлчүлүккө чакырылды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эскертүү берип, коркуткандар арасында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, алар өзүм билемдик менен мыйзам бузган аракеттерге барбай турушканын билдиришти.

15-августта социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Орусияда эмгектенген жаш жигиттердин тобу кыргыз кыз-келиндерине эскертүү берип кайрылган видеосу  тараган. Алар Орусияда эмгекетнип жүргөн кыз-келиндердин жүрүм-турумуна эскертүү берген видео кайрылуусу тараган. Мындай жарма патриоттордун мыйзамсыз аракеттери социалдык тармактарда сынга алынып, ар бир адамдын укугу укугу мыйзам тарабынан корголору айтылууда.   

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты