Орусияда кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Петропавловск-Камчатка аймагында кыргызстандык мигранттар мушташып, эки адам жаракат алганын «Регион41» телеканалы 24-июнда маалымдады.

Телеканал Ютубга жарыялаган тасмада бир катар кыргызстандыктар мекендештери отурган унааны таш менен койгулап жатканы тартылган. Телеканалдын комментарийине караганда, мушташты өтүп бара жаткан адам видеого тартып алып, соцтармактарга жарыялаган.

Жергиликтүү полиция «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Аталган аймактагы кыргызстандыктардын «Мекендештер» диаспорасынын төрайымы Нура Курманбекова жергиликтүү элден кечирим сураган постун “Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар кафеде отуруп, тил табыша албай уруша кетишкен. Бир тобу сырттан тааныштарын жардамга чакырышкан.

Окуя тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере элек.

Бир жыл мурун июнь айында Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандан барган мигранттар менен Тажикстандан барган мигранттардын ортосунда калайман мушташ болуп, эки кыргыз жараны камакка алынган. Ага чейин Москвада бир нече ирет мигранттардын катышуусунда жапырт мушташ катталган.

Расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталына карата Орусияда 410 миңден ашуун кыргызстандык мигрант болуп жүрөт.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты