Орусияда борбор азиялык мигранттарга жарандык берүүгө убактылуу мораторий киргизүү сунушталды

  • 2 недели мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Адилеттүү Орусия Чындык үчүн” фракциясынын башчысы Сергей Миронов Борбор Азия мамлекеттеринен келген мигранттарга орус жарандыгын берүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштады.

«Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн» 2022-жылы ушундай демилге менен чыккан, ошондо биз миграция менен тартипти орнотуу үчүн жалгыз күрөшкөнбүз. Бүгүн курчуп кеткен миграциялык көйгөйлөр мыйзам чыгаруучулардын көңүл борборунда болуп турганда, биз бул маселени кароого кайра кайтышыбыз керек» деди ал өзүнүн Telegram-каналында.

Миронов “Эмне үчүн түштүктөн келген конокторго жүз миңдеген паспортторду таратып жатышат? Эмне үчүн этникалык анклавдарды түзүү керек? Эмне үчүн жаңы жарандарды социалдык жактан камсыздоого бюджеттен миллиарддарды коротуу керек? Мунун Орусияга кандай пайдасы бар?» деген.

Сергей Мироновдун пикиринде, “гастарбайтерлерди массалык түрдө паспорттоштуруу мигранттарды легалдаштыруудан жакшы акча тапкан коррупционерлер менен шылуундардын мафиясына гана пайдалуу”.

Сергей Миронов буга чейин да миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырып келген. Ал “Крокус Сити Холдогу” терактан кийин орус жарандыгын туш келди берүүнү токтотууну, Борбор Азия мамлекеттери менен виза режимин киргизүүнү жана мигранттар үчүн 14 жаштан баштап орус тилинен сынак алууну сунуштаган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты