Орусия: Мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен сынак тапшыртуу сунушталууда (Видео)

Орусияда мектепке кабыл алууда эмгек мигранттарынын балдарын орус тилинен милдеттүү сынак тапшыртуу сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилип, аны Рособрнадзор мекемеси колдоду.

Бийлик сынак киргизүү зарылчылыгын өлкөдөгү мугалимдер кабылып жаткан көйгөйлөр менен түшүндүрүүдө. Орусия президентинин алдындагы Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Орусиядагы мугалимдердин 53% мигранттардын балдарында орус тилин жана жалпы билим берүү предметтерин өздөштүрүүдө көйгөйлөр бар экенин белгилешкен.

Орусиядагы мигранттар мектептер буга чейин эле класстар толуп калды деген негиз менен балдарын кабыл албай келишкенин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, эми жаңы мыйзам кабыл алынса, балдарын мектепте окутуу дээрлик мүмкүн болбой калат.

Москвада иштеген кыргызстандык Гүлмайрам быйыл балдарын биринчи жолу Орусиядагы мектепке бергени турат. Анын айтымында, мыйзам али кабыл алына элек болсо да, айрым мектептер балдарынан орус тили боюнча сынак талап кылууда.

«Биз төрт балабыз менен апрель айында келдик. Алардын экөө мектеп курагында. Кызым бешинчи класска, уулум сегизинчи класска барат. Бул жерде (Москвада) мектепке кирүү үчүн орус тилинен сынак тапшыруу керек. Орус тилин билген күндө да баланы бир класс төмөн отургузушат. Эгерде билбесе эки класс ылдый кабыл алышат. Уулум орус тилин билет, кызым билбейт» деди Гүлмайрам.

Рособрнадзор мекемесинин башчысы Анзор Музаев мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырышы керек экенин быйыл июль айында эле айткан. Бир нече жумадан кийин тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага сунушталган.

Миграция маселелери боюнча эксперт Нурсултан Карабаевдин айтымында, балдарды орус тилинен сынак тапшыртуу талабы Орусиянын Конституциясына каршы келет.

«Бул албетте басмырлоо. Билим алууга болгон укуктан эч кимди ажыратууга болбойт. Бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын да Конституциясында 18ге чыга элек балдар тилине же улутуна карап басмырланбашы керек экени жазылган» деди Карабаев.

Укук коргоочулар Мамдума бул мыйзам долбоорун четке кагат деп үмүттөнүп жатышат. Эгер мыйзам кабыл алынса, орус тили боюнча сынактар кийинки окуу жылынан тарта киргизилет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты