Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ортомчуларга санкция салынды

  • 2 недели мурун

АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы төлөм операцияларын жеңилдеткен беш юридикалык жакка жана бир жеке адамга санкцияларды киргизди. Бул тууралуу «Азаттык» АКШнын каржы министрлигине шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Москва менен Пхеньяндын ортосундагы ортомчулар Орусияда жана Грузия бийлиги көзөмөлдөбөгөн, өзүн Түштүк Осетия деп атап алган аймактарда жайгашкан. Вашингтон аларды «Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда төлөм механизмдерин уюштуруу аракетин колдогон» деп айыптаган.

«АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, Түндүк Корея менен Орусияда санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү аракеттерине катышкандар жоопко тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты