Орусия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыкдар

  • 4 недели мурун

Орусия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин маалымат жыйынында Орусиянын Улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитетинин вице-президенти Игорь Павлюк билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылы Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Орусиянын командасы өз өлкөсүнүн желеги астында күч сынашып, жалпы медалдардын саны боюнча үчүнчү орунду ээлешкен.

«Бизде ойлонууга убакыт бар. Оюндарды өткөрүүгө укук алуудан мурун, нормативдик бир катар маселелерди чечүү зарыл. Бирок биз даярбыз, биздин өлкө эгерде Орусияда кандайдыр бир иш-чара өткөрүлсө, жаштар айткандай, ал ар дайым ашып түшөрүн бүт дүйнөгө үйрөттү»,-деп билдирген Павлюк.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — эки жылда бир жолу боло турган, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарына кирген улуттук жана этникалык оюндар боюнча өтө турган иш-чара. Ал 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. Келерки 2026-жылы Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөрү айтылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты