Орусия Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасына кошулууга ниеттенүүдө

  • 1 неделя мурун

Өзбекстан менен Орусиянын энергетика министрликтери орусиялык «Системалык операторду» Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине кошууга макулдашты.

ТАСС маалымдагандай, бул тууралуу Орусиянын энергетика министри Сергей Цивилев билдирди.

«Системалык оператор» Орусиянын бирдиктүү энергетикалык системасынын алкагында борбордук ыкчам-диспетчердик башкарууну ишке ашырган атайын уюм болуп саналат.

«Бүгүн эки министрлик ыкчам чечимди колдоо өтүнүчү менен биргелешкен билдирүү жасашты. Борбор Азиянын өзүнчө эгергосистемасы бар, биз ага азырынча кире элекпиз. Бирок [«Системалык оператор»] Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасын чогуу башкаруу үчүн ага кириши керек, себеби биз байланыштабыз. Өзбек тарап муну толугу менен кубаттайт. Биз муну жакын арада ишке ашырабыз» деди Орусиянын энергетика министри.

Сергей Цивилев бул демилге электр энергиясын экспорттоого гана эмес, ошондой эле электр агымдарды башкарууга да жардам берерин кошумчалады. Бул системадагы көйгөйлөргө, мисалы, электр энергиясы тартыш болуп же системага күч келгенде тезирээк тең салмактоого жана электр тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

ТАСС Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов демилгени колдогонун жазды.

Бирок Өзбекстандын энергетика министрлигинин пресс-релизинде бул келишим тууралуу эч кандай сөз жок. Маалыматта министрлер эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө, отун-энергетика комплексине инвестиция тартуу жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашканы гана айтылат.

Буга чейин Орусиянын «Интер РАО» оператору Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Электр кубатын жеткирүү ушул күздө башталышы мүмкүн.

Учурда Борбор Азиянын энергетикалык системасына Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан кирет. Май айында бул системага Тажикстан да кошулары белгилүү болгон.

Борбор Азияны жана Казакстандын түштүгүн бириктирген Бирдиктүү энергетикалык система 1970-жылдары түзүлгөн. Ал Ташкенттеги координациялык-диспетчердик борбор тарабынан башкарылат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты