Оор жаракат алган жол-кайгуул кызматкерин дарылоо процессин министр жеке көзөмөлүнө алды

  • 4 недели мурун

20-августта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн 1994-жылы туулган бейтап А.Э.ны ( Арзыбаев Элистанды-ред.) дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. 

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бейтап баш мээден оор жаракат алган, жоон санынын сөөгү майдаланып сынып кеткен жана башка татаал жараттары бар.  Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Министр Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн билдирди.

Бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ысык-Көл облусунда унаа сүзүп кеткен кызматкери борбор шаарга жеткирилгенин ички иштер министрлиги кабарлаган.

Элистан Арзыбаев Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөп, жол тыгынын жөнгө салып жатканда 15-авугстта “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа сүзүп кеткен.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты