Оор жүк ташуучу унаага урунган скутердин айдоочусу каза тапты
- 1 неделя мурун
Бишкекте оор жүк ташуучу унаа менен скутер сүзүшүп, анын кесепетинен скутердин 17 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерде жан берди.
Бул тууралуу Бишкек жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык Бишкектин Шералиев жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 10-сентябрда, болжол менен саат 11:30да болгон.
Кийинки кездерде скутер, мотоцикл, велосипед электр чыгырыгы өңдүү каражаттарды айдагандарга коомчулуктун нааразылыгы күчөдү жана жол кырсыктары да катталууда. 3-сентябрда Бишкекте скутерчи эки адамды сүзүп, бири каза тапкан, экинчиси ооруканага жеткирилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү