Оор кылмыштарга айыпталган эки киши Кыргызстанга экстрадиция болду

  • 1 месяц мурун

Өзгөчө оор кылмыш иштерине айыпталып жаткан эки жаран Түркия жана Монголиядан экстрадицияланды.

Башы прокуратуранын басма сөз кызматы 12-августта маалымдагандай, украин жараны О.Ш. расмий документтерди жасалмалоого көмөктөшкөн деп айыпталууда. Аны Кыргызстанга жеткирүүгө Түркиянын юстиция министрлиги жана Интерпол жардам берген.

Монголиядан алып келинген кыргызстандык жаран Б.С. ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, издөө жарыяланган.

Башкы прокуратура эл аралык издөөгө алынган башка адамдарды да экстрадициялоо аракети уланып жатканын кошумчалады.

Тышкы иштер министрлиги 2023-жылы чет мамлекеттерден 100дөн ашуун адам Кыргызстанга экстрадицияланганын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты