Ооганстанда талибдер балдарды шал оорусуна каршы эмдөөнү токтотту

  • 3 дня мурун

Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылы балдарды шал оорусуна (полиомиелит) каршы эмдөөнү токтотту. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.

Ооганстан жана коңшу Пакистан — өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон оорунун жайылышын токтото албаган эки өлкө. Associated Press кабарлагандай, талибдердин чечими чөлкөмдөгү жана андан тышкаркы өлкөлөр үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет.

Ооганстанда эмдөө токтотулганы тууралуу кабар сентябрь айындагы эмдөө кампаниясына туш келди. Талибандын мындай чечиминин себептери айтылган жок. Алардын өкүлдөрү маалымат каражаттарына комментарий берүү үчүн жеткиликсиз.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл Ооганстанда шал оорусунун 18 учурун тастыктады. Өткөн жылы оорунун алты учуру катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ооганстанда эмдөөлөрдүн жетишсиздиги миграция агымынан улам Пакистанга коркунуч туудурарын эскертти.

Пакистандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү “Ассошиэйтед Пресске” билдиргендей, эгер эмдөө кампаниялары үзгүлтүксүз жана удаалаш жүргүзүлбөсө, полиомиелит вирусу эки өлкөдө тең жайылып, балдарга таасирин тийгизет.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты