Ооганстанда 1,4 млн кыз билим ала албай калды

  • 1 месяц мурун

Ооганстанда бийликке “Талибан” келгенден бери кеминде 1,4 миллион кыз орто билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын 15-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билим, илим жана маданият уюму ЮНЕСКО билдирди.

«Ооганстандын билим берүү тармагындагы жыйырма жылдан бери жетишилген туруктуу прогрессти бийлик болгону үч эле жылда дээрлик жокко чыгарып салды. Эми бүтүндөй бир муундун келечеги коркунучта турат» деп белгиледи уюм.

Бул күндөрү талибдер ооган өкмөтүн кайрадан өз колуна алгандыгынын үч жылдыгын белгилеп жатышат.

«Талибан» көпчүлүк тармактарда аялдардын иштөөсүнө, паркка жана спортзалга баруусуна, орто жана жогорку билим алуусуна тыюу салып койгон. Мындай чектөөлөрдү БУУ «гендердик апартеид» деп атаган.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери бул өлкөдө «аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды» деп эсептей турганын 11-августта жарыялаган баяндамасында белгилеген.

БУУнун маалыматы боюнча, Ооганстан калкынын жарымы, болжол менен 23 миллион киши азыркы тапта азык-түлүктүн жетишсиздигинен жабыркоодо.

2021-жылы 15-августта «Талибан» Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпай турганын жакында өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид айткан.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты