Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуу аземи өтүүдө

Парижде болуп өткөн XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарында өтүүдө. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Андан кийин азем Усубалиев атындагы аянтта улантылууда.

Андан ары спортчуларды Бишкекте Усубалиев атындагы аянтта тосуп алуу үчүн  көптөгөн күйөрмандар, шаардыктар мамлекеттик кызматкерлер чогулду. Мында салтанаттуу тосуу аземи улантылууда. Мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн айтып, баалуу белектер тапшырылат.

Париж шаарындагы XXXIII жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан 16 спортчу катышып, жалпы 6 медаль жеңди.

Күмүш медалдын ээлери:

— Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер арасындагы күрөш);

— Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);

Коло байгенин ээлери:

— Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);

— Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

— Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү);

— Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы күрөш).

Париж Олимпиадасына 206 мамлекеттен келген 10 миңден ашык спортчу 34 спорттун түрүнөн күч сынашты. Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсеп боюнча 68-орунду ээледи.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты