Олимпиада күндөлүгү: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова күч сынашат

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 5-августта, Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков жана күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова күч сынашат.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жоламан Шаршенбеков (60 кг) 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашат.

Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 кг) монголиялык Делгермаа Энхсайхан аттуу балбан менен беттеш өткөрөт.

Беттештер бүгүн, 5-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты