Олимпиада күндөлүгү: Жоламан Шаршенбеков коло медаль утуп алды

  • 1 месяц мурун

Париждеги Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков бүгүн, 6-августта, коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.

Кечээ, 5-августта, Жоламан Шаршенбеков казакстандык атаандашы Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Ал эми румыниялык атаандашы Разван Арнаутту мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

6-августта Париждеги Олимпиадада күрөштүн грек-рим түрү боюнча жарым финалда Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашы Кэнъитиро Фумитага 3/4 эсебинде жеңилип, финалга өтө алган эмес.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты