Олимпиада күндөлүгү: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт
- 3 месяца мурун
Париждеги Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков бүгүн, 6-августта, саат 23:30да коло байге үчүн күрөшөт.
Кечээ, 5-августта, Жоламан Шаршенбеков казакстандык атаандашы Айдос Султангалини 6:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Ал эми румыниялык атаандашы Разван Арнаутту мөөнөтүнөн мурда 9/0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.
6-августта Париждеги Олимпиадада күрөштүн грек-рим түрү боюнча жарым финалда Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашы Кэнъитиро Фумитага 3/4 эсебинде жеңилип, финалга өтө алган эмес.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан