Олимпиада күндөлүгү: Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, Париж Олимпиадасында Үзүр Жусупбеков 97 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис менен күрөштү. Үзүр Жусупбеков литвалык спортчу Миндаугас Венкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Үзүр Жусупбековдун кийинки атаандашы Ирандан Мохаммадхади Сарави болот.

Бүгүн Акжол Махмудов да америкалык Камал Амеерди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: uww

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты