Олимпиада күндөлүгү: Украина командасы фехтование боюнча алтын медаль жеңип алды

  • 3 месяца мурун

Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Украинанын курама командасы аялдар арасында кылыч менен таймашууда алтын медаль жеңип алды.  

3-августтагы финалдык беттеште украина курама командасы Түштүк Кореянын спортчуларын 45:42 эсебинде утуп алды. Коло медалды Япониянын курама командасы ээледи.

Бул — Украина командасынын Олимпиададагы алгачкы медалы. Таймашта Ольга Харлан, Елена Кровацкая, Алина Комащук жана Юлия Бакастова ойноду.  

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты