Олимпиада күндөлүгү: Талант Дүйшөбаевдин уулдары Алекс жана Даниэл Дүйшөбаевдер Испания курамасында ойноп жатат  

Париж Олимпиадасында Испаниянын курама командасында ойноп жаткан гандболчулар — Алекс жана Даниэл Дүйшөбаевдер кыргызстандык гандболчу, дүйнөлүк жана Олимпиада оюндарынын чемпиону, машыктыруучу Талант Дүйшөбаевдин уулдары.

Алекс Дүйшөбаев 1992-жылы 17-декабрда Испаниянын Сантандер шаарында туулган, Европанын эки жолку чемпиону, 2021-жылкы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси.  

Анын иниси Даниэл Дүйшөбаев 1997-жылы 4-июлда Испаниянын Сантандер шаарында туулган,  Европанын эки жолку чемпиону, 2021-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси.  

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында гандбол боюнча таймаштар 27-июлда башталды. Испаниянын курама командасы бул күнү Словения командасын 25:22 эсебинде жеңди. 29-июлда Швеция менен беттешип, 26:29 эсебинде утулуп калды. 31-июлда Японияны  37:31 эсебинде утуп алды. Мында Даниэл Дүйшебаев командага 5 упай алып келди.  

Олимпиада-24тө эркектер арасындагы гандбол таймашында 12 улуттук команда ойноп жатат. Алар 6 командадан эки топко бөлүнгөн. «А» тобунда Хорватия, Германия, Испания, Словения, Швеция жана Япония. «В» тобунда Дания, Франция, Венгрия, Норвегия, Египет жана Аргентина. Чейрек финалда алдыңкы төрт орунду алган курама команда чыгат.

Испаниянын курама командагында ойноп жаткан гандболчулар Алекс жана Даниэл Дүйшөбаевдердин атасы, дүйнө жана Олимпиада оюндарынын чемпиону, ХХ кылымдагы дүйнөнүн эки мыкты гандболчусунун бири, Талант Дүйшөбаев Бишкек шаарында туулган. Ал КМШ мамлекеттеринин курама командасын жетектеген

Кийин Талант Дүйшөбаев Испанияга кеткен, 1995-жылы Испаниянын жарандыгын алган. Испаниянын курама командасы менен эки жолу Атланта жана Сидней Олимпиадаларына катышкан. Ал Европа командаларында машыктыруучу.  

Талант Дүйшөбаевдин жубайы Ольга Шишкина да гандбол боюнча дүйнөнүн чемпиону.

Кыргызстанда 2017-жылы мыкты гандолчу, машыктыруучу Талант Дүйшөбаевге үчүнчү даражадагы “Манас” орденин ыйгаруу жарлыгы чыгарылган. 2019-жылы үчүнчү даражадагы “Манас” орденин ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.

Олимпиада күндөлүгү: Талант Дүйшөбаевдин  уулдары Алекс жана Даниэл Дүйшөбаевдер Испания курамасында ойноп жатат  

Баш сүрөттө: Алекс (оңдо) жана Даниэл Дүйшөбаевдер. Социалдык тармактан

Сүрөттө: Талант Дүйшөбаев үй-бүлөсү менен. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты