Олимпиада күндөлүгү: Суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу кайтып келди

  • 2 месяца мурун

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарына Кыргызстандын намысын коргоп барган суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу бүгүн, 2-августта өлкөгө кайтып келишти.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан мамлекеттик кызматкерлер жана жакын туугандары салтанаттуу тосуп алышты.

Денис Петрашов Олимпиадада 100 жана 200 метр брасс ыкмасында сууда сүзүү менен жарышкан, бирок финалга жете албай калган. Ал эми дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде утулуп калган.

Эске сала кетсек, азыркы тапта Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Ал 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.

Сүрөт: Спорт департаментинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты