Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

Бул күндөрү Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында биздин өлкөнүн жана жалпы эле дүйнөнүн күйөрмандарын, коомчулугун суктандырган спортчулар тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуулар болууда.

Тапанча менен таамай аткыч Юсуф Дикеч

Париж Олимпиадасында Түркиянын курама командасынын мүчөсү, 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча, 51 жаштагы Юсуф Дикеч коомчулуктун накта сүймөнчүгүнө айланды. Ал мындай таймаштар үчүн зарыл болгон атайын линза жана кулакчын кийбестен, жөнөкөй көз айнек менен, бир колун шымынын чөнтөгүнө салып алып, тапанчадан таамай атып, Олимпиада оюндарынын күмүш медалын алууга жетишти. Ал Түркиянын тарыхында биринчи болуп, тапанчадан атуу спортунда алгачкы олимпиадалык медалды алууга татыктуу болду.

Юсуф Дикечтин өзүнүн сүрөтү да, күйөрмандар тарткан мем-сүрөттөр да Интернет желесинде желдей тарады.

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

Сүрөттөрдө: Тапанчадан таамай атуучу Юсуф Дикеч жана ага арналган мем-сүрөттөр

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар
Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

      

Кореялык снайпер Ким Йеджи

Париж Олимпиадасында түрк спортчусу Юсуф Дикеч эркектер арасында өзүнүн өзгөчөлүү турпаты менен айырмаланса, аялдар арасында Түштүк Кореядан келген 31 жаштагы спортчу, тапанчадан таамай аткыч Ким Йеджи да күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланды. Ал адамдарды өзүнө тарта билген турпаты, кебелбес келбети жана кызынын тукабадан жасалган кичине пил оюнчугун кармаган боюнча, тапанчадан таамай атуу өнөрүн көрсөтүп, күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапты.

Ким Йеджи да 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Анын курбусу Йе Жин алтын медалга татыктуу болду.

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск Ким Йеджини Твиттерде мактап-суктангандарга кошулду жана комментарий жазды. “Боевик киного тартуу керек, ага актердук чеберчиликке үйрөнүүнүн кажети жок” деп жазды.

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

Сүрөттөрдө: Кореялык таамай аткыч Ким Йеджи жана ага арналган мем-сүрөт

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

61 жаштагы теннисчи Ни Салянь

Париж Олимпиадасында күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган спортчулардын дагы бири – Люксембург курама командасы үчүн стол тенниси боюнча таймашып жаткан 61 жаштагы Ни Сялянь.  

Ал мурда Кытай өлкөсү үчүн таймашса, 1991-жылы Европага көчүп барып,  стол тенниси боюнча Европанын үч жолку чемпиону болгон, алты Олимпиаданын катышуучусу. Париж Олимпиадасында Люксембург курама командасынын мамлекеттик туусун көтөрүп чыкты.

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

Сүрөттө: Люксембург курама командасы үчүн ойноп жаткан 61 жаштагы теннисчи Ни Салянь.

Сёрфингчи Габриэль Медина

Париж Олимпиадасында суктандырган мыкты сүрөт бразилиялык сёрфингчи Габриэль Мединанын сүрөтү болду. Ал сүрөткө түшкөнгө чейинки секундда Олимпиада оюндарынынын тарыхында биринчи болуп мелдеште жалгыздап таймашуу жагынан толкун жиреп күч үрөп, мүмкүн болгон 10 баллдан 9,90 балл алууга жетишкен.

Тарыхый бул сүрөттү анын жанында кайыкта сүзүп бара жаткан сүрөтчү Жером Бруйе кадрга түшүрүп калган.   

Олимпиада күндөлүгү: Суктандырган, сүймөнчүккө айланган спортчулар

Сүрөттө: Сёрфингчи Габриэль Медина. Сүрөттү тарткан: Жером Бруйе.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты