Олимпиада күндөлүгү: Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн ат салышат

  • 1 месяц мурун

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашат. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыкса, 1\8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Мээрим Жуманазарова менен нигериялык Блессинг Оборудуду. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты