Олимпиада күндөлүгү: Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских өз тобунда марага биринчи болуп келди

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 3-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында суучул Елизавета Печерских Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы эркин ыкмадагы жарышка катышты. Елизавета Печерских 8 кишиден турган топто биринчи болуп келди. Ал 50 метр аралыкты 26,26 секундда сүзүп өтүп, Кыргызстандын рекордун койду.

Суучулдардын жарышын УТРК-спорт каналынан түз эфирде көрсөттү.

Жалпы жыйынтык кийинчерээк, суучулдар сүзүп бүткөндөн кийин чыгарылат.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы Сена дарыясында кайык менен параддан өттү. Мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыгышты.

31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалда таймашты. Жарым финалда Денис Петрашов өз тобунда 7-орунду ээледи. Жарым финалдагы эки сүзүүнүн жыйынтыгы менен Денис Петрашов 2 мүнөт 10,19 секундда марага келип, 14-орунду ээледи, бирок финалга чыга алган жок. Финалга 16 суучулдун 8и чыкты.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты