Олимпиада күндөлүгү: Кубанычбек Айбек уулу Богдан Ядовдон утулуп калды
- 2 месяца мурун
Олимпиада оюндарында бүгүн, 28-июлда, таймашка 66 кг салмакта дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу таймашка чыгып, украиналык атаандашы Богдан Ядовдон утулуп калды.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды. Парижден Олимпиада оюндарын КТРК-спорт түз эфирде көрсөтүп жатат. Кубанычбек Айбек уулу 9-болуп таймашып, жеңилип калды.
Кубанычбек Айбек уулу ушуну менен Олимпиада оюндарын жыйынтыктары айтылды.
Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта 31-июлда таймашка чыгат.
Олимпиада оюндарынын биринчи күнүндө, 27-июлда, кыргызстандык суучул Денис Петрашов чыгып, 27-орунга ээ болду. Бирок ал жарым финалга чыкпай калды. Денис Петрашов 30-июлда 200м аралык боюнча таймашка чыгат.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Кубанычбек Айбек уулу. Дзюдо эл аралык федерациясы