Олимпиада күндөлүгү: Эрлан Шеров кийинки таймашта атаандашын жеңе албай калды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 31-июлда, Париж Олимпиадасында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта таймашып, экинчи финалда атаандашы, Испания үчүн күрөшүп жаткан Тристани Мосахлишвилини жеңе албай калды. Эсеп 0:1, атаандаштын пайдасына болуп, кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Олимпиада оюндарын жыйынтыктады.
Тристани Мосахлишвили мурда Грузия үчүн таймашып келген.
Эрлан Шеров — Азия оюндарынын жана 2024-жылкы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси.
Биринчи финалда кыргызстандык Шеровдун атаандашы кубалык Иван Фелипе Сила Моралес дүйнө рейтингинде 10-орунда турат. Эрлан Шеров кубалык атаандашы Моралести 10:0 эсебинде утуп алып 1/8 финалына чыккан.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Госинфо