Олимпиада күндөлүгү: Эрлан Шеров 1/8 финалына чыкты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 31-июлда, Париж Олимпиадасында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта таймашып, алгачкы атаандашын жеңип чыкты.
Эрлан Шеров Азия оюндарынын жана 2024-жылкы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Кыргызстандыктын атаандашы кубалык Иван Фелипе Сила Моралес дүйнө рейтингинде 10-орунда турат. Эрлан Шеров кубалык атаандашы Моралести 10:0 эсебинде утуп алды.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөттө: Эрлан Шеров. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү