Олимпиада күндөлүгү: Елизавета Печерских жарым финалга чыга албай калды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 3-августта, Париж Олимпиадасында эркин ыкмада сүзүү боюнча 50 метр аралыкта сүзүүдө 8 кишиден турган өз тобунда Елизавета Печерских 26, 26 секундда өтүп, биринчи болуп келди. Бирок бардык 10 катардагы жарыштан кийин 30-орунду ээледи. Елизавета Печерских жарым финалга чыкпай калды.   

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы Сена дарыясында кайык менен параддан өттү. Мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыгышты.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Бүгүн, 3-августта, Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат. Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Мелдеш 3-август түнү өтөт.  

Сүрөттө: Елизавета Печерских. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты