Олимпиада күндөлүгү: Дзюдочу Эрлан Шеров таймашка чыгат
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 31-июлда, Париж Олимпиадасында дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта таймашка чыгат. Анын таймашы Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө көрсөтүлөт.
Эрлан Шеров Азия оюндарынын жана 2024-жылкы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Кыргызстандыктын атаандашы кубалык Иван Фелипе Сила Моралес дүйнө рейтингинде 10-орунда турат.
Ал эми бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу 1-август түнү таймашка чыгары айтылды.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан