Олимпиада күндөлүгү: Денис Петрашов жарым финалда 14-орунду ээледи

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 31-июлда, Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалда таймашты. Жарым финалда Денис Петрашов өз тобунда 7-орунду ээледи.

Жарым финалдагы эки сүзүүнүн жыйынтыгы менен Денис Петрашов 2 мүнөт 10,19 секундда марага келип, 14-орунду ээледи, бирок финалга чыга алган жок. Финалга 16 суучулдун 8и чыкты.

Азиянын төрт жолку чемпиону Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде машыгат. Ал брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир нече жолу Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

30-июлда Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча өз тобунда 6-болуп келди жана жарым финалга өттү. Денис Петрашов мелдешке чыккан 25 суучулдун арасынан жарым финалга өткөн 16 суучулдун бири болду.

Петрашов 27-июлда эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө чыкты. Кыргызстандык суучул 23-орунду ээледи.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты