Олимпиада күндөлүгү: Денис Петрашов 200 метр аралыкка сүзүү боюнча жарым финалга чыкты
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 30-июлда, Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча таймашка катышты. Ал өз тобунда 6-болуп келди жана жарым финалга өттү. Денис Петрашов мелдешке чыккан 25 суучулдун арасынан жарым финалга өткөн 16 суучулдун бири болду.
Жарым финал таймашы 30-июлдан 31-июлга караган түнү саат 01:59да болот.
Петрашов 27-июлда эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө чыкты. Жарышка 5 топко бөлүнгөн жалпы 36 спортчу катышты. Кыргызстандык суучул 23-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен ал 100 метр боюнча жарым финалга чыкпай калган.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөттө: Денис Петрашов. Интернет булактарынан