Олимпиада күндөлүгү: Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн ат салышат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Бекзат Алмаз уулу көңүлдү жубатуучу беттеште кытайлык атаандашын жеңип, коло үчүн таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Коло медаль үчүн күрөштө Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешет. Балбан 57 кг чейинки салмакта күрөшүүдө.

8-августта Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда америкалык атаандашы Спенсер Лиге 12/2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, жарым финалга чыга албай калган. Бирок Спенсер Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат Алмаз уулу көңүлдү жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты