Олимпиада күндөлүгү: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда утулду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Бекзат Алмаз уулу америкалык атаандашы Спенсер Лиге 12/2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, жарым финалга чыга алган жок.

Балбандар 57 кг чейинки салмакта күрөшүштү.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты