Олимпиада күндөлүгү: Бүгүн Кубанычбек Айбек уулу таймашка чыгат

  • 3 месяца мурун

Олимпиада оюндарында бүгүн, 28-июлда, таймашка 66 кг салмакта дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана 90 кг салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу чыгары айтылган.

Кубанычбек Айбек уулу украиналык Богдан Ядов менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Олимпиада оюндарынын биринчи күнүндө, 27-июлда, кыргызстандык суучул Денис Петрашов чыгып, 27-орунга ээ болду. Бирок ал жарым финалга чыкпай калды. Денис Петрашов 30-июлда 200м аралык боюнча таймашка чыгат.  

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Кубанычбек Айбек уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты