Олимпиада күндөлүгү: Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөштө утулду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 8-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиадада күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашта Амантур Исмаилов азербайжандык атаандашы Хасрат Жафаровго 0/8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утулуп, коло ала алган жок.

Балбандар 67 кг чейинки салмакта күч сынашышты.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты