Олимпиада күндөлүгү: Акжол Махмудов жеңилип калды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, Париж Олимпиадасында, Акжол Махмудовдун чейрек финалдагы атаандашы Казакстандан Демеу Жадраев болду. Башында Акжол Махмудов утуп келе жаткан, анан упайлары жокко чыгарылып, жыйынтыгында 3:1 эсебинде утулуп калды.

Ага чейин Акжол Махмудов америкалык Камал Амеерди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты