Олимпиада күндөлүгү: Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков таймашка чыгат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбековдор килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШ өкүлү Камал Амеер Бей менен таймашса, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис менен күрөшөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

6-августта Кыргызстандан бардыгы болуп төрт спортчу чыгат. Бүгүн Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн, Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн таймашка чыгат.  

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Акжол Махмудов,Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбеков. uww.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты