Олимпиада күндөлүгү: Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты

  • 1 месяц мурун

Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШ өкүлү Камал Амеер Бей менен таймашты.

Акжол Махмудов америкалык Камал Амеерди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Акжол Махмудовдун чейрек финалдагы атаандашы Казакстандан Демеу Жадраев болот.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты