Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда америкалык атаандашы Кайла Колиин Кийоко Миракл менен беттешип, эсеп 6:6 болгондо Тыныбековага 4 баллдык көтөрүп чабуу жасаганы үчүн артыкчылык берилип, жарым финалга жолдомо алды.

Тыныбекова кыз-келиндер арасында 62 кг чейинки салмакта өлкө намысын коргоп жатат.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты