Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиадада күрөштүн эркин түрү боюнча таймашта Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволени 5/1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Балбан кыз 62 кг чейинки салмакта күч сынашууда.

Эске сала кетсек, учурда Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышууда. Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты