Олимпиада күндөлүгү: 3-августта Елизавета Печерских күч сынашат

  • 3 месяца мурун

3-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында суучул Елизавета Печерских күч сынашат.  Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Анын таймашы жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн, 3-августта, жергиликтүү саат 15 те көрсөтүлөт.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы Сена дарыясында кайык менен параддан өттү. Мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыгышты.

31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалда таймашты. Жарым финалда Денис Петрашов өз тобунда 7-орунду ээледи. Жарым финалдагы эки сүзүүнүн жыйынтыгы менен Денис Петрашов 2 мүнөт 10,19 секундда марага келип, 14-орунду ээледи, бирок финалга чыга алган жок. Финалга 16 суучулдун 8и чыкты.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты