Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына баалуу сыйлыктар тапшырылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 13-августта, Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Парижде өткөн Олимп оюндарында катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болду. Аземге президент Садыр Жапаров катышты жана куттуктоо сөз сүйлөдү.

 Париж Олимпиадасында күмүш медаль алган спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу 10 млн сом жана унаа менен сыйланды.

Коло байге алган Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн сом жана унаа менен сыйланды.

Бешинчи орунду багындырган Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаилодун ар бири  1 млн сом жана унаа менен сыйланды.

Олимп оюндарынын катышуучулары Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печорских, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов, Бекзат Алмаз уулу 500 миӊ сом жана унаа алды.

Андан тышкары машыктыруучуларга, дарыгерлерге да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты