Окуучулардын саны аз мектептер оптимизацияланат

  • 5 дней мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында маалымдалды.   

Маалыматта айтылгандай, буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен Ош облусунда – 22, Нарын облусунда – 10, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирге 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024- жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты