Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди

  • 4 недели мурун

«Ыйман нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматта, Кадырбеков УКМК аны телефон аркылуу чакырганын билдирген. Ошондой эле суракка жактоочусу жок кирген.

«Кыязы “Ыйман” фонду боюнча суракка чакырышты. Тактасын, көрсүн, суроолорду беришсин. Эӊ башкысы көӊүл ток. Каржы жагында ( “Ыйман” фондунун) эч кандай маселе болгон эмес. Бул жумуштан дээрлик алты жыл мурда кеткем. Андан бери кайсыл кагаздар калды, кайсыл кагаздар жок мен билбейм да. Бирок биз бардык ишти мыйзам чегинде кылганбыз”,-деп айткан ал суракка кирип баратып.

Эске салсак, Нуржигит Кадырбеков 2015-2019-жылдары «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Буга чейин «Ыйман» фондунда дайны чыкпай калган 5 млн доллар боюнча ызы-чуу чыккан эле. Анда фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынганы айтылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты