Нуржигит Кадырбеков УКМКга сурак берип чыкты

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 22-августта, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, депутат сурактан чыккандан кийин журналисттерге учкай комментарийлеп, аталган фонддун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирген. Ал ошондой эле тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча кагазга кол койгонун, калган деталдарды айта албай турганын кошумчалаган.

Бүгүн саат 14:30дар чамасында Кадырбеков УКМКга суракка кирип кеткен эле. Анда ал УКМКга «Ыйман» фондунун иши боюнча чакырылгандыгы болушу керектигин билдирген. Депутат ошондой эле УКМКга телефон аркылуу чакырылганын айткан. Ал суракка жактоочусу жок кирген.

Эске салсак, Нуржигит Кадырбеков 2015-2019-жылдары «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Буга чейин «Ыйман» фондунда дайны чыкпай калган 5 млн доллар боюнча ызы-чуу чыккан эле. Анда фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынганы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты