Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутту деген шек менен кармалды

  • 5 дней мурун

Нурлан Мотуев «расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутту» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция 16-октябрда соцтармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Нурлан Мотуев өзүнүн Инстаграм баракчасында улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө карата терс пикирин билдиргени аныкталган.

Милициянын маалыматында, Мотуевдин видеосу боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгында видеолордо адамдын улутуна карата кемчилигин пропагандалоонун тилдик белгилери бар экендиги аныкталган. Экспертизага берилген материалдарда улуттар аралык кастыктын тилдик белгилери бар деп айтылат.

Күч органдары Нурлан Мотуевге карата «Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгошуп, аны Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камашкан. Учурда тергөө улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты