Нургазы Курманбеков ЖЭБге директор болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Нургазы Курманбеков Бишкек жылуулук электр борборуна директор болуп дайындалды.   

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.  

ЖЭБдин  мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өз арызы менен кызматынан бошотулду.

Маалыматта айтылгандай, Нургазы Курманбеков  Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин аяктаган.  

-2007-2013-жылдары «Электр станциялары» ААКнын жабдууларын эксплуатациялоо боюнча жетектөөчү инженери;

— 2014-2016-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;

— 2017-2018-жылдары Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери;

— 2018-2021-жылдары Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары;

— 2021-2022-жылдары Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунун директору;

— 2022-2023-жылдары – «Электр станциялары» ААКнын жабдууларды эксплуатациялоо кызматынын жетектөөчү инженери кызматтарында иштеген.

Сүрөт: Нургазы Курманбеков. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты