Нурбек Талантбеков улуттук “Манас” театрынын директору болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Нурбек Талантбеков кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгондугун министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы директорду жамаатка министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев бүгүн, 24-июлда, тааныштырды.

Буга чейин Нурбек Талантбеков директордун милдетин аткаруучу, директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Улуттук «Манас» театрынын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу кызматынан бошотулган.

Сүрөт: Нурбек Талантбеков (ортодо, калпакчан). Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты