НRW немис канцлерин Астанада адам укугу маселесин көтөрүүгө үндөдү

  • 3 дня мурун

Нuman Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Германиянын канцлери Олаф Шольцту Борбор Азиянын лидерлери менен жолукканда аймактагы адам укуктарынын көйгөйүн көтөрүүгө үндөдү.

15-сентябрда Шольц Ташкенте барды, 16-17-сентябрда Астанадагы «Германия – Борбор Азия» саммитине катышат.

«Немис өкмөтү чөлкөмдөгү адам укуктарынын абалы иш жүзүндө жакшырмайынча Борбор Азия менен алака-катышыбыз бекемделди дей албайт» деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

«Алдыдагы саммит ушул маселени көрсөтөт», — деп белгилейт эл аралык уюм.

HRW уюмунун билдирүүсүндө аймакта адам укуктарына байланыштуу олуттуу көйгөйлөр, “өз оюн, анын ичинде интернетте эркин билдирүү эркиндиги, активисттерди абакка салуу, жабык жайлардагы кыйноо, жарандык коомго каршы репрессия, аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү, күч органдарынын мыйзамсыз аракеттерине көз жуумп коюу, таза жана калыс шайлоонун жоктугу” орун алганы белгиленет.

Уюм ошондой эле чөлкөмдөгү беш лидер менен немис канцлери бир жыл мурун жолукканда белгиленген маселелерде “анча-мынча гана жылыш болгону же иш ордунан жылбаганына” көңүл бурган.

2022-жылы Москва Украинага согуш ачып, басып киргенден бери Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз каранды болгон Германиянын Борбор Азияга кызыгуусу күчөгөн. Былтыр сентябрда Берлинде «Германия – Борбор Азия» саммити биринчи жолу өткөн.

Астанадагы экинчи саммитке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан ана Өзбекстандын лидерлери катышып, анда негизинен энергетикалык жана экономикалык өнүгүү тууралуу сөз болору кабарланган. Саммитте ошондой эле Орусияга киргизилген эл аралык санкциялар да талкууланат.

Шольц адегенде Ташкентке токтоп, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен миграциялык макулдашууга кол коет. Документте өзбек жумушчуларын Германияда ишке орноштуруунун жана кайра мекенине кайтаруунун шарттары каралат.

Астанада Шольц казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Казакстан чөлкөмдөгү беш өлкөнүн ичинен табигый ресурстарга бай, Батыш мамлекеттери Астанага Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялары сактоону эскертип келет.

Германия менен Казакстандын энергетикалык кызматташтыгы улам илгерилөө жолунда. Казак кара майы 4000 чакырымдык “Достук” кууру менен Татарстан, Беларус, Польша аркылуу Германияга ташылууда. Шольц муну Казакстан менен “эки тараптуу кызматташтыктагы жаңы багыт” деп кубаттаган.

Быйыл июнда эл аралык укук коргоо уюмдары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “кенири жайылган” абактагыларды жана саясий туткундарды кыйноону токтотууга чара көрүүгө үндөгөн. Эл аралык уюмдарын баасында мындай көрүнүш Казакстанда эң көп жайылган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты